Кыргыз музыканттары Сан-Францискодо (АКШ) өтө турган этникалык музыканын эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу "Таалим-Форум" коомдук фондунан билдиришти. Кыргызстандыктар көрүүчүлөрдү "Манас" эпосу жана кыргыздын салттуу музыкасынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышат. Фестивал эртең өтөт. Ага Азербайжан, Индия, Болгария жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышышат. Кыргызстандан барган артисттердин арасында манасчы Талантаалы Бакчиев, комузчу Зайнидин Иманалиев жана башкалар бар. Фестивал 12 жылдан бери өткөрүлүп келатат. (RK)