Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

АКШ Иран үчүн “виртуалдык элчилик” ачууну мерчемдөөдө


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул тууралуу “Америка добушу” үналгысынын Перс кызматына курган маегинде билдирип, “виртуалдык элчиликтин” интернет сайты ирандыктарга виза жана программалар тууралуу маалымат берерин белгиледи:

- Биз эмне кылган жатабыз. Дипломатиялык мамилебиз жок экендигине карабай, мен Тегеранда виртуалдык элчилик ачылганын жарыялайм. Сайт ушул жылдын аягында иштей баштайт.

Хиллари Клинтон “Америка добушу” үналгысындагы интервьюну АКШ Тегерандагы өкмөт менен тирешүүсүнө карабай, катардагы ирандыктар менен кеңири байланыш түзүүгө үмүттөнөрүн баса белгилөө үчүн пайдаланды.

Клинтон ошондой эле АКШнын Иранга каршы санкцияларын коргоп, Вашингтондо Тегерандын Саудиянын АКШдагы элчисин өлтүрүүнү көздөгөн кутумга катыштыгы боюнча кылмыш иши бардыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG