Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Президент болуш үчүн шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушу керек


Биринчи турда талапкер жеңишке жетиш үчүн шайлоого катышкандардын жарымынан көп добушун алышы керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыктын" окурмандары менен интернет-эрөөлгө чыккан Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова билдирди.

Анын айтымында, 30-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында эле шайлоого катышкандардын жарымынан көбүнүн добушун ала алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгерде эч бир талапкер добуш бергендердин жарымынан көбүнүн добушуна ээ боло албаса, экинчи тур өткөрүлөт. Ал эки аптанын ичинде өтүшү керек. Экинчи турга биринчи турда шайлоочулардын эң көп добушун алган эки талапкер катышат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 16. (RK)

XS
SM
MD
LG