Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Сатыбалдиев: Жабыркаган ишкерлерге жардам берүү токтогон жок

Июнь окуясында жабыркаган ишкерлерге жардам берүү уланууда. Шайлоодон кийин акча берилбейт экен деген сөздөр суу кечпеген ушактар. Бул тууралуу бүгүн Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр өкмөт 2 102 ишкер июнь калабасында жабыр тартканын тактаган. Алардын 2 002сине 50 миң сомдон кайтарымсыз компенсация берилген. Калганынын тиешелүү документтери такталбагандыктан, аларга компенсация берилген эмес. Быйыл 1-октябрга чейин жабыркаган ишкерлербиз деп 1 980 арыз түшкөн. “Учурда бул арыздар текшерилүүдө. Эгер жапа чеккен ишкерлер экени такталса, каражат табууга мүмкүнчүлүк бар”, - деп билдирди Жантөрө Сатыбалдиев.

Былтыр июнь айында улут аралык коогалаңда Ошто жана Жалал-Абадда миңдеген ишкерлердин бизнеси талкаланган. (MTo/RK)
XS
SM
MD
LG