Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Баш прокуратура кыйноолор боюнча көзөмөлдү күчөттү


Кыргызстандын Баш прокуратурасы кыйноолорго байланыштуу кылмыш иштери каралып жатканда прокуратуранын ролун күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Соттолуучуларга карата кыйноо болгону ачык көрүнүп турган учурларда прокурорлор сотко медициналык экспертиза өткөрүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу сунушун бериши керектиги айтылат. Укук коргооочулардын айтымында, Кыргызстандын убактылуу кармоочу жайларында жана тергөө абактарында кыйноо фактылары көп катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG