Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

ЕККУ миссиясы 67 байкоочу катталбай жатышына кабатыр


Президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү максатында сунушталган кыска мөөнөттүү байкоочулардын 67син БШК каттоодон өткөрбөй жатат. Бул тууралуу ЕККУнун медиа өкүлү Иван Гадарский "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында миссияны мындай жагдай тынчсыздандырып жатат, анткени байкоочулар 28-октябрда ишке киришүүсү зарыл. Байкоочуларга тиешелүү документтер октябрдын башында берилип, 26-октябрда толукталган дейт медиа өкүл.

БШКнын төрага орун басары Айнура Шайымкулова 67 байкоочунун каттоодон өтпөй калышына алгачкы документтеринин так эместиги себеп болгондугун, эгер акыркы толуктоолор талапка дал келсе БШК каттоого алат деп билдирди.
БШК эл аралык байкоочулардын документтерин кабыл алууну 26-октябрда аяктаган. БШКнын каттоосуна 725 байкоочу турду. Алардын 300 чамалашы ЕККУнун миссиясынын курамында турат. (BuS)

XS
SM
MD
LG