Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Тажикстанды Ооганстан менен байланыштырган электр түйүнү ишке берилди


Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусунда жайгашкан Сангтуда ГЭСин Ооганстандын Баглан провинциясынын борбору Пул-и-Хумри шаары менен байланыштырган электр линиясын ачуу аземине тажик өкмөт башчысы Акил Акилов, Ооганстандын вице-президенти Мохаммадкасим Фахим, Ооганстандын суу жана энергетика министри Мохаммад Исмаил Хан катышты. Ооган расмий өкүлдөрү кечээ Дүйшөмбү шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолуккан.

Ооганстандын энергетика министри Мохаммад Исмаил Хандын айтымында, 300 мегаватт электр кубатын өткөрө алуучу түйүн оболу келерки жылдын май айынан тарта Ооганстанды бир жылда беш ай электр кубаты менен камсыздап турат. Ал эми 2015-жылдан тарта жыл бою камсыздамакчы.

281 чакырымынын 118 чакырымы Тажикстанда, 163 чакырымы Ооганстанда жайгашкан электр линиясын куруу иштери 2009-жылы Азия өнүгүү банкынын узак мөөнөттүү жана үстөгү төмөн кредитинин эсебинен башталган.

XS
SM
MD
LG