Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Нышан балдарды дарылоо бөлүмү ачылат


Бүгүн Бишкектеги Эне-баланы коргоо улуттук борборунда нышан жана таңдайы жок төрөлгөн балдарды дарылоо бөлүмү ачылат. Ага саламаттыкты сактоо министри, Кыргыстандагы Германиянын элчиси жана “AWD” фондунун өкүлдөрү катышмакчы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, “AWD” кору аталган борбордо атайын операция жасалчу бөлүм ачууга жана медицианалык жабдуулар үчүн 500 миң евро берди.

Кыргызстанда 2003-жалдан Германиядан жылына эки жолу дарыгерлер тынбай келип нышан жана таңдайы жок төрөлгөн балдарга бекер операция жасашат. Жалпысынан миңден ашуун бала кайрылып, алардын теңинен көбүнө операция жасалган. Ошондой эле кыргызстандык дарыгерлер Германиядан окуп келишти. (EBM)

XS
SM
MD
LG