Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын билдиришинче, 30-октябрда Кыргызстанда бардык чек ара бекеттеринде кайтаруу күчөтүлөт. Расмий маалыматка ылайык, азыр кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, аскерлер чек араны 3-октябрдан бери өзгөчө кайтарууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленовдун билдиришинче, коңшу өлкөлөр менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында Оштогу “Достук” кыргыз-өзбек чек ара бекети ачылды. Кыргыз-тажик чек арасында күйүүчү май аткезчилигине каршы иштер уланып жатат. (EBM)