Тунистеги биринчи эркин шайлоодо байистүү “ан-Нахда” партиясы баарынан көп мандат алганын өлкөнүн шайлоо комиссиясы тастыктады. “Ан-Нахда” (Кайра жаралуу) Тунис парламентиндеги 271 орундун 90нуна ээ болду.
Солчул Элдик конгресс 30 орун, социал-демократтык “ат-Такатол” 21, эң чоң оппозициячыл Прогрессивдүү демократтык партия 19 жана “ал-Арида” партиясы 19 орун алышты. Чет өлкөдө жашаган тунисттик миллионер ишкер түзгөн “ал-Ариданын” добуш берүүнүн жыйынтыгына ичи чыкпаган тарапкерлери Сиди-Бузид шаардык өкмөтүнүн кеңсесине өрт коюшту.
Тунистеги “Жасмин революция” бүтүн Арап дүйнөсүнө жайылган.
Жаңы парламент алдында келерки жылдан кечиктирбей Тунистин жаңы Конституциясын даярдоо милдети турат.