Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Саркози: Грекияны еврозонага кабыл алуу "жаңылыштык"


Франциянын президенти Николя Саркози 2001-жылы Грекияны еврозонага кабыл алуу “жаңылыштык болгон” деди. Себеби “Грекия жалган экономикалык маалыматтарды көрсөтүп кирген. Өлкө даяр эмес болчу”,-деп түшүндүрдү француз президенти “Евроньюс” телеканалынан сүйлөп. Ал бирок Европа Биримдигинин шаршемби күнкү чечими Грекияны кризистен куткарып каларын айтты. Биримдиктин планына ылайык, Грекиянын карызынын теңи же 100 миллиард евро кечилет.

Евробиримдиктин төрагасы Герман ван Рөмпейдин билдиришинче, Грек өкмөтү 2020-жылга карызынын көлөмүн ички дүң жыйымдын 120 пайызына барабар кылыш керек.

Мурда 2020-жылы Грекиянын борчу ички дүң жыйымдын 180 пайызын түзсө болору айтылып жаткан. Эл аралык валюта кору Грекияга дагы 100 миллиард евро насыя берери маалымдалды.

XS
SM
MD
LG