Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Клинтон Пакистанды "Хаканиге" чара көрүүгө чакырды


АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, Пакистан өз жериндеги террорчу топтордун Ооганстанга кирип, эл аралык күчтөргө кол салуусун токтотуу үчүн дагы көп аракеттениш керек. Хиллари айым АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинде сүйлөп, Пакистандын бардык экстремисттерге, өзгөчө "Хаккани" уюмуна каршы чечкиндүү чара көрүүсү зарыл экенине көңүл бурду.

АКШ бийликтеринин айтышынча, Ооганстандагы америкалык аскерлерге үзбөй кол салган "Хаккани" уюмун Пакистандын аскерий чалгындоо кызматы колдойт.

XS
SM
MD
LG