Ирактын Салахеддин провинциялык кеңеши административдик жана экономикалык жактан автономиялуу болуу үчүн добуш берди. Провинциялык кеңештин мүчөсү Дамин Мутлактын Тикрит шаарында кабарчыларга айтышынча, берегидей чечим элдин суранычынын негизинде кабыл алынды. Бул чечимди эми провинциянын калкы референдумда колдоого тийиш. Аймактын көпчүлүк калкы сунни араптар.
Провинциянын губернатору Ахмед Абдулланын "Франс пресс" агенттигине айтышынча, кеңештин автономия болууну жакташына Ирактын шииттер үстөмдүк кылган коопсуздук күчтөрүнүн жергиликтүү бийлик менен масилээтешпей эле адамдарды камакка алып жатканы шыкак болгон.