Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Канзаада Найеф - Саудиянын келерки монархы


Сауд Арабиясынын ички иштер министри Найеф бин Абделазиз ас-Сауд мураскер канзаадасы деп аталды. Бул жөнүндө Саудиянын өкмөттүк телеканалы кабарлады. Мурдагы канзаада өткөн жумада көз жумган.

Канзаада Найеф өлкөдөгү ислам согушчандарына каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн. Ошол эле мезгилде эски салттарды, анын ичинде аялдардын бетин чүмкөп жүрүүсүн бекем колдогон адам. Падыша Абдулла азыр 87 жашта. 78 жаштагы Найеф эми Ички иштер министрлигине катар өкмөттү да жетектейт.

XS
SM
MD
LG