Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Cузакта жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны өсүүдө


Жалал-Абаддын Сузак районунда быйыл катталган жугуштуу оорулар  былтыркыдан көбөйгөнү байкалууда. Мындай маалымат Сузак райондук  мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу  Нурболот Мырзахмедовдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, өткөн жылдагыдан паратиф оорусу 9 эсеге, кургак учук 11 пайызга, бруцеллез 46 пайызга, вирустук гепатит 24, эхинококк 48 пайызга көбөйгөн. Ал эми ичеги-карын, сальмонеллез, күйдргү,гельминт оорулары салыштырмалуу кыйла  азайган.(YA)

 

XS
SM
MD
LG