Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

ЕККУ байкоочусунун паспорту бир нече саат текшерилди


ЕККУнун байкоочулар миссиясынын курамында Кыргызстанга келаткан жапониялык байкоочу Якико Кикучи 27-октябрда “Манас” аба майданында кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн тастыктады. Паспорту текшерилип, анын ким экени аныкталгандан кийин кое берилгени айтылат.

Чегара кызматы мунун чоо-жайын түшүндүргөн жок. ЕККУ миссиясынын медиа өкүлү бул маселеге байланышкан комментарий президенттик шайлоодон кийин берилээрин “Азаттыкка” билдирди.

Бул аралыкта ЕККУ сунуштаган байкоочулардын 67си каттоодон өтпөй калгандыгы кабарланды. Эл аралык байкоочулардын арыздарын кабыл алуу мөөнөтү 26-октябрда аяктады. Акыркы маалымат боюнча, БШК президенттик шайлоого көз салууга арыз берген үчүн эл аралык байкоочулардын 725ин каттады. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG