Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Талапкерлердин баарына каршы добуш берүүгө үндөгөн акция өттү


Бүгүн Бишкекте “Мен баардыгына каршы добуш берем” акциясы өттү. Анын уюштуруучусу Азис Абакиров "Азаттыкка" курган маегинде азыркы талапкерлердин бири дагы президент болууга татыктуу эмес деген пикирин билдирди. Ошол себептен ал баардык жарандарды каршы добуш берүүгө чакырат. Бул акция 17-октябрда башталып, интернеттеги ар кандай форумдарда, социалдык тармактарда жайылтылып келген. Бүгүн уюштуруучулар жана иш-чараны колдогон 100гө жакын жаш активист колдоруна буклеттерди, плакаттарды алып Бишкектин көчөлөрүнө чыгышты. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG