Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Жер титирөөдөн жабыркаган түркиялык кыргыздар Кыргызстанга нааразы


Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган кыргыздар Кыргызстандын бийлигине нааразы болуп жатканын "Азаттыкка" кыргыздар отурукташкан Улуу Памир айылынын башчысы, Түркиянын жараны Касымбек Варол билдирди. Анын айтымында, түркиялык өкмөт болушунча жардамын берип жатат. Бирок суук түшүп калгандыктан, чатыр маселеси оор болууда. Жердин термелүүсү али күнчө уланып жаткандыктан, көпчүлүк эл кайрадан үйүнө кирүүдөн коркуп, көчөдө калышууда.

Касымбек Варол Кыргызстандан эч жардам болбогонун, жада калса кыргыз бийлиги телефон аркылуу алар менен байланышып, абалын сурабаганына капа болуп жатканын айтты.

23-октябрда Түркиянын Эржиш шаарында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал жерде жашаган жарандыгы түрк 2 миңдей кыргыздын төртөө набыт болгон. Бешөө учурда ооруканада, бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Зилзаладан набыт болгондордун жалпы саны беш жүздөн ашты. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG