Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Шайлоого карата уюшкан акциянын катышуучуларын милиция кармап кетти


Бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө чакырган жаштар акциясынын уюштуруучусу Азиз Абакиров учурда Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында түшүнүк кат жазып жатат. Бул тууралуу аталган акциянын катышуучулары "Азаттыкка" билдиришти.

Алардын айтымында, Бишкекте 80дей жаш активист президенттикке талапкерлердин баарына тең каршы добуш берүүгө үндөгөн баракчаларды таратып жатышат. Алардын алтоо "Дордой" базарында жүргөн жеринен кармалып, милицияга жеткирилген. Балдарды бошотуу үчүн барган Азиз Абакиров учурда түшүнүк кат жазып жатканы кабарланды.

Свердлов райондук милициясы менен байланышканыбызда аталган акциянын катышуучулары колундагы баракчалары менен кошо милицияга алынып келингенин тастыкташты. Бирок канча адам экенин жана алардын кармалышынын себебин айтуудан баш тартышты.

Ушул тапта бүгүнкү жаштар акциясынын ЦУМ дүкөнүндө жүргөн уюштуруучуларына да тыюу салуу аракети жүрүп жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG