Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Талиева: Мадыген жолун мамлекеттик баланска өткөрөбүз


Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорун байланыштыруучу жолду мамлекеттин балансына өткөрүү иши уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди. Анын айтымында, Транспорт министрлигинин балансына өткөрүш үчүн тиешелүү министрлик-ведомстволор менен макулдашуу иши анын жеке көзөмөлүнө алынган.

"Бул процесс өтө татаал экен. Буюрса, макулдашуу иши ойдогудай жүрүп жатат. Парламентке депутат катары талапкер болуп жатканда мен элиме ушул маселени чечип берүүгө убада бергем.", - деди депутат айым.

Жаңыбак - Мадыген - Даркум жолунун узундугу 50 чакырым. Ал эч бир мекеменин карамагында болбогондуктан, курулуш иштери жүргүзүлбөй келет. Жолдун начардыгынан лейлектиктер Баткенге Тажикстан аркылуу 200 чакырым жолду өтүүгө мажбур. Транспорт министрлигине өтсө курулуш иштерин баштоо кыйла жеңил болот. (RK)

XS
SM
MD
LG