Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Таласта чакан насыя алгандардын саны өсүүдө


Талас облусунда чакан насыя алгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу облус губернаторунун маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында банктардан жана микрокредиттик компаниялардан насыя алуунун жалпы суммасы 1 миллиард 243 миң 314 сомдон ашты. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 152 пайызга көп. Быйыл 32 миң 750 адам чакан насыя алды. Насыя алуучулардын санынын өсүшү банктардын, айрыкча микрокредиттик компаниялардын койгон шарттары кыйла жеңилдегенине байланыштуу экени айтылууда. Мындай маалымат Таластагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеевден алынды. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG