Орусия менен АКШ өкмөттөрү Кыргызстандын маңзаттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызматынын ишине жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралу бүгүн Бишкекте аталган кызматтын жетекчиси Виталий Орозалиевдин катышуусу менен өткөн маалымат жыйынында айтылды.
Орусия менен биргеликте ондон ашык эл аралык операция жүргүзүлүп, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 200 килограммдан ашуун маңзат алынды. Көмүскө сатыкта ал 26 миллион долларды түзмөк.
Баткен облусунда беш блок-пост ачылып, административдик мекеме курулат. Буга АКШ өкмөтү көмөк көрсөтүп жатат.
Ооган маңзаты Тажикстан, Кыргызстан аркылуу Казакстанга, андан ары Орусияга, Европа өлкөлөрүнө тарайт. (ZB/RK)