Талас облусунда күздүк айдоо иштери 40 пайыздан ашып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облус губернаторунун маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 13 500 гектар жер айдалышы керек. 5 450 гектары учурда айдалып бүттү. Былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырганда бул 635 гектарга көбүрөөк. (MbA/RK)