Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт дарыясына салынып жаткан узундугу 55 метрлик көпүрө декабрь айында бүтүүсү ыктымал. Көпүрө курулуп бүтөөрү менен аталган дарыянын эки өйүзүндө Сузак районуна караштуу алты айыл өкмөттүн аймагында жашап жаткан жүз миңдеген адамдын ээн-эркин катташуусуна мүмкүнчүлүк ачылат. Курулушту Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын эсебинен “Жалал-Абад курулуш” ишканасы жүргүзүүдө. Мындай маалымат 28-октябрда аталган мамдирекциянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Талант Исмаиловдон алынганын кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. (YA/RK)