Өкмөттүн маалыматында, Түркиянын чыгышындагы Ван аймагындагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 570 болду. Өкмөттүн кризистик борбору билдиргендей, дүйшөмбүдөгү зилзалада 2500дөн ашык киши жараат алды. Ванда жергиликтүү төрт кыргыз тургуну набыт кеткен, бешөө жарадар, анын ичинде биринин абалы оор экендиги кабарланууда. Ван кыргыздары Кыргызстандан эч кандай жардам болбогондугун билдиришти. Куткаруучулар кыйрандыларды казууну улантып жатат, бирок көпчүлүк жерлерде издөө иши токтотулуп, аман калгандарга жардам берүүгө көңүл бурулууда. Жер улам силкинип жаткандыктан суукка карабастан, кээ бир тургундар чатырлары да жок, ачык асман алдында укташууда.