Бир кезде тыюу салынган "Эннахда" партиясы жаңы парламенттеги орундардын 41 пайызынан ашыгын алды. "Эннахданын" жеңиши тууралуу белгилүү болгондон кийин Тунистин январ айындагы ыңкылабы башталган Сиди Бузид шаарында тополоң чыкты. Европа биримдиги "Эннахданы" эркин шайлоодо жеңип алганы менен куттуктады.