Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Чек арада кырдаал туруктуу


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүнкү күнү кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик жана башка чек ара аймактарында кырдаал туруктуу. Өлкө президентин шайлоого байланыштуу Чек ара кызматы 3-октябрдан тартып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат жергиликтүү бийлик органдары менен кошо чек арадагы абалга көз салууда жана ар кандай кырдаалга толук даярдыкта турушат. 30-октябрь күнү бардык чек аралардагы өткөрүү түйүндөрүндө көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлмөкчү.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG