Мындай маалымат 29-октябрда Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекиловдон алынды. Анын айтымында, жүк ташыган КАМаЗ унаасы эки адамы менен бүгүн Казарман – Жалал-Абад жолунун 37-чакырымынан табылды жана андагы адамдар аман-эсен. Аларды 28-октябрда “бул жол менен өтүп кеткен жүктүү унаа адамдары менен жоголду” деген маалымат түшкөндөн кийин кечээ түнү Тогуз-Торо районундагы куткаруучулар тобу менен Жалал-Абад шаарынын куткаруу кызматынын кызматкерлери издеп чыгып, 29-октябрда күндүзгү саат 11ден өткөндө жүк жүктөлгөн автоунаа менен бирге таап алышкан.
Облус борбору менен Тогуз-Торо районунун борборун байланыштырган бул тоо жолу 24-октябрдан 2012-жылдын 15-июнуна дейре жолдун катаалдыгына байланыштуу расмий түрдө жабылган болчу. (YA)
Облус борбору менен Тогуз-Торо районунун борборун байланыштырган бул тоо жолу 24-октябрдан 2012-жылдын 15-июнуна дейре жолдун катаалдыгына байланыштуу расмий түрдө жабылган болчу. (YA)