Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Сербияда АКШнын элчилигине чабуулдан кийин 15 адам камалды


Полициянын айтымында, кечээ кечки окуядан кийин түштүк Сербияда диний-экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн делген 15 адам кармалды. Өткөн түнү коңшулаш Боснияда Сербиянын мусулмандар жыш отурукташкан Санджак регионунда жашаган киши АКШнын элчилигинде ок чыгарып, бир полисменди жарадар кылган. Элчиликтин кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес жана алар коркунучтарга карабай ишин уланта берээрин билдиришти.

XS
SM
MD
LG