Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Киевдеги киномектепте кыргызстандык режиссердун тасмасы жеңди


Киевде 18-27-октябрь күндөрү өткөн IV-Эл аралык киномектепте кыргызстандык режиссер Асел Жураеванын “Меккеге карай жол” документалдуу тасмасы жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн кыргызстандык киносынчы Гүлбара Төлөмүшева кабарлады. Анын айтымында, киномектепте Асел Жураеванын тасмасын “кинопродюсерлик”, “кинотаануучулук” жана “документалдуу тасманын” талаптары боюнча “эң мыкты” деп табышкан. Буга чейин А.Жураеванын аталган тасмасы “Бир дүйнө Кыргызстан - 2011” кинофестивалындагы улуттук программадагы конкурста да баш-байгени алган эле. Эл аралык киномектепти КМШ өлкөлөрүнүн кинематографисттер Конфедерациясынын кеңеши уюштуруп келатат. (TD)

XS
SM
MD
LG