Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Президенттик шайлоо башталды


Кыргызстандын президенттин шайлоо үчүн добуш берүү саат 8:00де башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Шайлоочулар өлкө ичинде жайгашкан 2 миң 289 шайлоо участогунда жана чет өлкөлөрдө жайгашкан 29 шайлоо участокторунда добуш беришет. Шайлоонун жыйынтыктарын Мамлекеттик автоматташтырылган система көзөмөлгө алып турат.

Шайлоо күндүн коопсуздугуна 6 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат жана элдик кошуундардын 14 миңден ашык мүчөлөрү кол кабыш кылышат. БШК шайлоочулар 3 миллион 32 миңден ашкандыгын мурдараак жарыялаган. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулардан тышкары эл аралык 792 байкоочу көз салат. Алардын катарында 46 өлкөдөн өкүлдөр бар.
Президенттик орун үчүн 16сы ат салышып жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG