Бүгүнкү президенттик шайлоодо бардык башка шайлоочулардын катарында мамлекеттик ишмерлер жана талапкерлер өздөрү да катталган жерлеринде добуш беришет. Алгачкы такталган маалыматтар боюнча президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Бишкекте добуш беришет. (BuS)