Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Добуш бергендердин колундагы сыя белги өчүп калганы айтылууда


Добуш берип чыккандан кийин колундагы сыя белги өчүп калганын "Азаттыкка" "Кебел" жаштар клубунун активисти Каныбек Сарымсаков билдирди. Ал Сокулук районунда жашаган жери боюнча добуш берген. Анын айтымында, кечээ добушканадан тышкары добуш берүү учурунда да айрым шайлоочулардын колунун баш бармагына коюлган сыя белги сүрткөндө эле өчүп калып жатканы белгилүү болгон.

БШКдан "Азаттыкка" мындай болушу мүмкүн эместигин айтышты. Маалыматка караганда, сыя боёк бир жумага чейин өчпөшү керек.

Добуш бергени келген шайлоочулардын баш бармагына кочкул түстөгү сыя коюунун максаты - бир эле шайлоочу бир нече жолу добуш берүүсүнө жол бербөө, шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу болуп эсептелет.

Шайлоочулардын саны 3 миллион 32 миң адам. Талапкерлердин саны - 16. RK)

XS
SM
MD
LG