Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, облуста 417 шайлоо участкасын миңге жакын милиция кызматкери күзөтүп жатат. Тартип коргоо органдарына 400миңден ашуун элдик кошуундун өкүлдөрү каралашууда. Алар билектерине тасма байлап, элдик кошуун деген жазуусу бар күрмө кийип жүрүшөт.
Облуста ушул сааттарга карата тартип бузуу факттары каттала элек. 20-октябрдан бери бардык жерде ишеним телефондору иштеп жатат. (EBM)
Облуста ушул сааттарга карата тартип бузуу факттары каттала элек. 20-октябрдан бери бардык жерде ишеним телефондору иштеп жатат. (EBM)