Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 3,54 пайызы добуш беришти


БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына келип түшкөн маалыматарга ылайык, ушул сааттарга карата Ош облусу боюнча 26 миң 400дөн ашык шайлоочу добуш берди. Чүй облусунда 21 миң 375 адам, Жалал-Абад облусунда 19 миң 918, Бишкек шаарында 11 миң 676 шайлоочу, Ысык-Көл облусунда 9 миң 304 адам, Баткенде 6 миң 341, Нарын облусунда 5 миң 464 адам, Талас облусунда 5 миң 117 шайлоочу, Ош шаарында 1 миң 500дөй, жаран шайлоого катышты. Ал эми чет өлкөлөрдө жалпы 100 адам добуш бергенге жетишти.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда добуш берген жарандардын саны 107 миңден ашты. Бул жалпы шайлоочулардын 3,54 пайызына барабар. (KKs)

XS
SM
MD
LG