Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Талапкерлер Байболов жана Суваналиев добуш беришти


Президенттикке талапкер Кубатбек Байболов бүгүн Бишкекте добуш берди. Анын айтымында, шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат. Студенттер жана мекемелердин кызматкерлерин атайын унаалар менен алып келип, добуш бердиртип жатышат. Байболов түштөн кийин ушул фактылар боюнча билдирүү жасамай болду. Ошол эле добушканада талапкер Атамбаевдин атынан байкоо жүргүзүп жаткан байкоочу Байболовдун айткандарын четке какты.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиев бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи турга өтөөрүнө ишенээрин айтты. "Эгерде административдик ресурс пайдаланылбай, шайлоочулардын өз эркине койсо, кийинки кырдаал өлкөдө тынч болот", - деп эсептейт талапкер. (KJ/ZB/RK)

XS
SM
MD
LG