Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мария Колесникова билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Асанакунов эртең менен саат сегизде Караколдогу №3154 шайлоо участкасында добуш берди. Анда элди туура талапкерди тандоого чакырды. Кабарчыбыздын байкашынча, аймакта азырынча добуш берүүгө жапырт киришүү байкала элек, шайлоочулар агымы түштөн кийин көбөйүшү мүмкүн. (EBM)