Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Астанада шайлоочулар добуш бере албай жатышат


Астана шаарында Кыргызстандын президентин шайлоого келген кыргызстандыктардын айрымдары добуш бере алышкан жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Астанадагы кыргыздар диаспорасынын өкүлү Руслан Арыксартов билдирди. Анын айтымында, буга чейин тизмени тактоо үчүн келгенде алардын аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде бар болчу, бүгүн добуш бергени келгенде жок болуп чыкты.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун тейлеген комиссиянын төрагасы Сактанбек Кадыралиев "Азаттыкка" мындай болушу мүмкүн экендигин ырастады. "Себеби тизмени тактоо учурунда бир эле адам төрт жерде, мисалы, Москвада, Екатеринбургда, Астанада же Алматыдагы тизмеде бар экени аныкталган. Мындай учурда бир гана жердеги тизмедегиси калтырылган."

Бирок Астанадагы бүгүнкү факт боюнча өзүнчө тактоо керектиги айтылды. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG