Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Отунбаева: Бакиевчилер шайлоого көп акча жумшады


Президент Роза Отунбаева добуш берүүгө келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул шайлоо бакиевчилердин бийликке келишинин акыркы аракети болгонун айтып, алар шайлоого көп акча жумшады деп билдирди. Өлкө башчысы бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, айрыкча коалициялык көпчүлүккө кирген "Ата-Журт" партиясынын талапкери Камчыбек Ташиевдин административдик ресурс колдонулуп жатат деген дооматын күлкү келерлик деп сыпаттады.

Отунбаева президенттик кызматтан кеткенден кийинки пландары менен бөлүшүп жатып, Кыргызстанда жасала турган иштер көп экенин белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү шайлоодо Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүү алып келчү талапкерге өз добушун бергенин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG