Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

БШК мүчөсү Кадырбеков шайлоочулардан кечирим сурады


"Тизмеден өзүн таппай, добуш бере албай калгандардан БШК мүчөсү катары кечирим сурайм", - деди "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков.

Республиканын дээрлик баардык аймактарынан шайлоочулардын тизмеде жок болуп жатканы боюнча даттануулар бүгүн "Азаттыкка" келип түшүүдө. Мындай арыздар БШКга да келип жатканын Боршайком мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, ал арыздардын дээрлик 90 пайызы боюнча тактоо иштери жүргөндө проблема адамдык фактордон улам келип чыкканы аныкталды. Проблема чечилип, ал адамдар добуш бере алышты. Ал эми калган учурлар боюнча маселе чечилген жок, ал шайлоочулар добуш бере алышпайт.

Кадырбековдун айтымында, проблема бар, бирок жалпы шайлоонун жыйынтыгына анын таасири тийбейт. (RK)

XS
SM
MD
LG