Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

Ташиев Жумгалда айдоочунун күбөлүгү менен добуш берди


Нарындын Жумгал районундагы Арал айылдык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлүмжан Орозалиева “Ата-Журт” партиясынан талапкер Камчыбек Ташиев добуш бергенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эртең менен Ташиев паспортун албай баргандыктан “Ата-Журттун” мүчөсү экенин тастыктаган документи менен уюкфонго тартылган паспорттун сүрөтүн көрсөткөн, бирок ал мыйзамга туура келбегендиктен добуш бере алган эмес. Ташиев кайра кечке маал келип, айдоочунун күбөлүгүн көрсөтүп, добуш берип кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG