Өкмөт өкүлдөрүнө ылайык, ондогон жылдардан берки эң оор жаратылыш кырсыгында набыт болгондордун саны бүгүн 381ге чыкты. Баш калаанын айрым бөлүктөрүн суу каптоодо. Кечээ ишембиде Таиланд булуңунда суу 2.57 метрге көтөрүлдү, ал эми Бангкоктун суу тосмолору эки жарым метрге гана турушту бере алат. Бүгүн суунун деңгээли дагы жети сантиметрге көтөрүлөт деп күтүлүүдө.