Борборчул-оңчул ГЕРБ партиясынан талапкер Розен Плевнелиев жеңип чыгат деп күтүлүүдө. Ал өткөн аптадагы добуш берүүдө добуштардын 40 пайызын утуп алган. Плевнелиев жеңсе, өкмөт башчысы Бойко Борисовдун таасири бекемделет деп болжолдоп жатышат. Бул аптада жаңы сурамжылоо жүргүзүлбөсө да, ГЕРБдин талапкери социалист Ивайло Калфинди жеңип чыгат деген ишеним күчтүү. Алдын-ала санактын жыйынтыгы бүгүн, ал эми расмий жыйынтык эртең чыгыш керек.