Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Алматы: Он миңдей шайлоочунун жүздөн ашууну добуш берди


Алматы шаарындагы кыргыз консулдугунда ачылган добушканада саат 17:30га карата же шайлоо бекети жабылаарына бир жарым саат калганга чейин 114 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган консулдуктагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Сыдыков билдирди.

Консулдукта Казакстандын Жамбыл, Чимкент жана Алматы облустарында жашаган 10 миңден ашуун кыргызстандык каттоодо турат. Шайлоочулардын аз келишинин себебин Алтынбек Сыдыков шайлоо мурдагыдай базарга жакын жерде уюшулбагандыгы менен түшүндүрдү.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлөрдөгү добушканалар элчиликтерде жана консулдуктарда гана ачылды. 25 чет өлкөдө 29 добушкана ачылган. Четте добуш берүүчү кыргызстандыктардын саны 38 миң 56 адам. (UE/RK)

XS
SM
MD
LG