Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Бишкектен Түркияга гуманитардык жардам жөнөтүлдү


“Манас” аба майданынан зилзаладан жабыркаган Түркияга гуманитардык жардам жүктөлгөн учак жөнөп кетти. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта 3 миллион сомдук гуманитардык жардамды Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев башында турган атайын топ жеткирип баратканы айтылат.

Гуманитардык жүктүн ичинде азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, чатырлар бар. Жүктүн жалпы салмагы 30 тонна.

23-октябрда Түркиянын Эржиш шаарында күчү 7,2 даражага жеткен жер титирөө катталган. Ал жерде жашаган жарандыгы түрк 2 миңдей кыргыздын төртөө набыт болгон. Зилзалада жабыркаган түркиялык кыргыздар алардын абалына кыргыз бийлиги эч кызыкпаганын "Азаттыкка" маалымдашкан.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркиянын чыгышында болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 500дөн ашып, 800дөй киши жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG