Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала эсептөөсүнө ылайык, 1894 шайлоо бекетинин жыйынтыгы боюнча 16 талапкердин ичинен Алмазбек Атамбаев добуштардын 62,96 пайызга жакынын алды. Өлкө боюнча 2300дөн ашык шайлоо бекети бар.
"Ата-Журттан" Камчыбек Ташиев - 14,89, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров - 14,73 пайыз алды. Калган 13 талапкердин добуштары бир пайызга жете элек.
Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы эртең, ал эми толук жыйынтык 20 күндөн кийин белгилүү болот.
Кыргызстанда президенттик шайлоо жалпы жонунан тынч, өтө одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Ага шайлоочулардын жарымынан ашыгы, ушул мүнөткө карата эсептөөлөр боюнча 60тан ашуун пайызы катышты.
Атамбаевден башка талапкерлердин көбү президенттин бийлигин кайра күч алдыруу ниеттерин билдиришкен. Кыргызстандын алгачкы эки президенти ыңкылаптардан кийин чет өлкөгө качып кетишкен.
Бул шайлоо – президент Роза Отунбаеванын тушунда мамлекет башчысынын биринчи жолу тынчтык жол менен колдон колго өтүшүн билдирет. Кыргызстанда 3 миллион 33 миң шайлоочу катталган. JCH