Борбордук шайлоо комиссиясы жана автоматташтырылган шайлоо системасы түнү менен иштеп, добуштарды эсептөө уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Боршайком төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, алдын ала жыйынтыктар 31-октябрдын таңында белгилүү болуп калышы мүмкүн. Болжолдуу жыйынтыктар бүгүн түнкү саат он экиде да айтылаары күтүлүүдө.
Мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы шайлоо бүткөндөн кийин 20 календардык күндөн кеч калбай белгилүү болушу керек. (KKs)
Мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы шайлоо бүткөндөн кийин 20 календардык күндөн кеч калбай белгилүү болушу керек. (KKs)