31-октябрда саат бирге карата БШКнын шайлоо системасына келип түшкөн маалыматтарга ылайык, чет өлкөлөрдө жалпысынан 2405 адам гана шайлоого катышканы маалым болду. Бул элчилик жана консулдук кызматта катталган 38 миңден ашуун адамдын 6,3 пайызын гана түзүүдө.
Тышкы иштер министрлигин алдындагы шайлоону уюштуруу комиссиясынын мүчөсү Бакыт Жумагуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта көпчүлүк өлкөдө добушканалар жабылды. Эң соңунда АКШдагы шайлоо бекети жабылмакчы.
Былтыр күздө болгон парламенттик шайлоодо саат кечки алтыга карата эле 40 миңге чукул адам добуш бергени айтылган. Анда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар көп жашаган шаарларда бир нече шайлоо бекеттери ачылган болчу. (KKs)