Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала эсептөөсүнө ылайык, ушул сааттарда Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 63,05% же 1 млн. 116 миңден ашуун добуш алды. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров - 14,86 пайыз, "Ата-Журттан" Камчыбек Ташиев - 14,36 пайыз алды. Калган 13 талапкердин добуштары бир пайызга жете элек. Өлкө боюнча жалпысынан 2318 шайлоо участокогу болсо, алардын дээрлик 95% эсептелип бүткөн.
Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы бүгүн, ал эми толук жыйынтык 20 күндөн кийин белгилүү болот. Ага шайлоочулардын 60 пайыздан ашууну катышты. Кыргызстанда 3 миллион 32 миң шайлоочу катталган. (КЕ)
Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы бүгүн, ал эми толук жыйынтык 20 күндөн кийин белгилүү болот. Ага шайлоочулардын 60 пайыздан ашууну катышты. Кыргызстанда 3 миллион 32 миң шайлоочу катталган. (КЕ)