БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Израил аймагынын Газа тилкесинен ракеталардан аткыланышын айыптап, аны менен бирге Израилди сабырдуулукка чакырды. Соңку жаңжалда региондо палестиналык 10 согушкер жана израилдик 1 карапайым киши мерт болду.
Акыркы окуяны алсак, жекшембиде Газа тилкесинде Израиль армиясынын авиасоккусунан палестиналык бир согушкер набыт кетти. Жанындагы адам жарадар болду. Израиль алар ракета атууга даярданып жатканын ырастоодо. Анын алдында “Ислам жихады” өңдүү согушчан топтор Израилдин аймагына ракета атууну токтотуу ниетин билдиришкен. Бирок алар Египеттин ортомчулугу менен жетишилген жарашууну Израил да сактоого тийиш деген шарт коюшкан.